Загрузка документа…
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-сентябры №4/1
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлеринин пайдалануунун перспективдүү планын бекитүү жөнүндө Красный-Восток айыл аймагы
Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобого ылайык, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасы У.К.Абдусаматовдун маалыматын уккандан кийин, жерлерди экономикалык жактан максатка ылайыктуу, сарамжалдуу, эффективдүү пайдалануунун узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү келечегин аныктоочу «Красный-Восток айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун перспективдүү планы жөнүндө» Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын эске алуу менен Красный-Восток айылдык кеңешинин отуруму чечим кабыл алат:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин эффективдүү пайдалануу боюнча түзүлгөн перспективдүү планы бекитилсин.
2.Токтом Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек боюнча бөлүмүнүн ченемдик укуктун актыларынын мамлекеттик реестерине каттого жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красный-Восток айыл-өкмөтүнүн башчысы Рыскулбек уулу Нурматка тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | У. К. Абдусаматов |