Загрузка документа…
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-январы №22/2
Красный Восток айыл аймагынын 2021-жылга бюджетин бекитүү тууралуу
Красный Восток айыл аймагынын 2021-жылга бюджеттин кириш-чыгыш бөлүмдөрүн бекитүү боюнча, каржы бөлүмүнүн башчысы А.Т.Кадыралиеванын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө “ Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде, Красный Восток айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджеттин киреше бөлүгү 2021-жылга төмөндөгүдөй бекитилсин
-өздүк курам - 7360,2 миң сом
-атайын каражат - 2295,0 миң сом
-теңдеме грант - 1981,3 миң сом.
Баардыгы – 11636,5 миң сом
2. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 2021-жылга төмөндөгүдөй бекитилсин:
-өздүк курам–4516,3 миң сом
-турак жай коммуналдык чарбасы – 1800,0 миң сом
-китепкана - 162,6 миң сом
-маданият үйү - 132,6 миң сом
-башталгыч бала бакча мекемеси - 3920,0 миң сом, анын ичинде – 2295,0 миң сом
-башталгыч орто мектеби - 555,0 миң сом
-социалдык коргоо - 550,0 миң сом
Баардыгы: 11636,5 миң сом
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык Кеңештин 2021-жылга бюджетин жана каржы комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
Чокморова. М. А |