Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-августу № 13/11-28
Кредиттик ассигнованиелерди бош калдык каражаттын эсебинен жылдыруу жөнүндө
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А. Байсубанованын айылдык кеңештин 23.12.2020-жылдын №161 токтомунун негизинде “атайын эсептен жана башкы эсептен бош калдык каражатынын эсебинен жылдыруу жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулаган соң, бош каражатты жылдыруунун жалпы саны эки миллион жүз жетимиш сегиз миң сегиз жүз сом жылдыруу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кредиттик ассигнованиелер бош калдык каражаттын атайын эсебинен жалпысынан эки миллион жүз жетимиш сегиз миң сегиз жүз сомго көбөйтүлсүн:
Мамлекеттик тейлөө бөлүмү:
-3112- берене 80,0 миң.сом.ноутбук жана принтерге.
Негизги эсеп:
- 2215-берене 214,0 миң.сом.муниципалдык мекемеге, 30 абонентти суу тутумуна кошууга.
- 2221-берене 400,0 миң.сом.Кеңеш а. дренаждык иштерге.
- 2221-берене 200,0 миң.сом.11даана видеокүзөт, орнотуусу менен.
-2222-берене 150,0 миң.сом.чарбалык буюмдарды алууга.
-2222-берене 108,8 миң.сом.акылдуу электр эсепчилерди алууга.
-2222-берене 450,0 миң.сом.Кеңеш айылына 180 даана суу ченегич орнотууга.
-3112-берене 150,0 миң. сом. Д.Курманалиев айылына трансформаторго.
Билим берүү болугу:
-2222-берене 26,0 миң. сом.акылдуу электр эсептегич.
-2222-берене 400,0 миң. сом. эки кичи футбол аянтчасына, жасалма жабдуу төшөөгө.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык кеңешинин бюджет жана каржылоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э. Койчукеев |