Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-августу № 14/11-28
“Жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Кочкорбаев айыл өкмөтунун жер боюнча башкы адиси С.Адиковдун Кеңеш айылындагы, Осмонов көчөсүндөгү № 63тө жайгашкан жалпы аянты 23500,0кв.м. 464 контурдагы “Кеңеш” орто билим берүү мектебинин жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп берүүсү жөнүндөгү сунушун угуп талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтүндө жайгашкан, Кеңеш айылындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 23500,0кв.м. жер тилкеси, Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине бекитилсин.
2. Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан мыйзам чегинде жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин муниципалдык менчикке бекитип берүүңүздөрдү суранат.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык кеңешинин жер жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э. Койчукеев |