Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-августу № 15/11-28
“Жер тилкесинин категориясын алмаштыруу жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси С. Адиковдун Буденовка жана Д.Курманалиев айылдарында суу мунараларынын жайгашкан жеринин категорияларын өзгөрүү тууралуу, сунушун угуп талкуулап жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесине ылайык Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Суу мунараларынын “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Жер өнөр жайы, транспорт, байланыш, энергетикалык, коргонуу жана башка максаттар” категориясына өзгөртуп берүүнүздөрдү суранат.
-Буденовка айылындагы 807 контур, аянты 0,30га суу мунарасы.
-Д.Курманалиева айылындагы 946-контур, аянты 0,09га суу мунарасы.
-Д.Курманалиева айылындагы 962-контур, аянты 0,30га суу мунарасы.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык кеңешинин жер жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э. Койчукеев |