Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-августу № 16/11-28
“Ижарага берилген жерлердин баштапкы акысы жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси С. Адиковдун жана жер боюнча туруктуу комиссиясы айыл өкмөттүн бюджетин толуктоо максатында – айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн баштапкы акысын бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлеринин ижарага берүүнүн баштапкы акысы 1гектарына:
-Сугат жерлерине – 5000 сом.
-Кайрак жерлерине – 2000 сом.
-Көп жылдык көчөттөргө – 1000 сом
-Чабык жерлерге – 500 сом.
2. Айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдөгү, аукционго катышуу үчүн баштапкы акысы 15 % дан бекитилсин.
3. Айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия төмөнкү курамда бекитилсин:
- Бейшебаев Т.- айылдык кеңешинин депутаты.
- Машкин И.- айылдык кеңешинин депутаты.
- Токбергенов Э. – айылдык кеңешинин депутаты.
- Керимкулов Э.- Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы.
- Адиков С.- айыл өкмөттун жер боюнча башкы адиси.
- Коонбаев Б.- Буденовка айыл башчысы.
- Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү.
- Суюнтбекова Л.- айыл өкмөттүн жооптуу катчысы.
- Айткулов А.- Д.Курманалиева айыл башчысы.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык кеңешинин жер жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э. Койчукеев |