Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-августу № 18/11-28
“Билим берүүчү мекемелеринин пландык отчету жана жаңы 2021-2022- окуу жылына даярдыгы жөнүндө”
Кочкорбаев айыл аймагындагы Кеңеш жана Буденовка жалпы билим берүү орто мектептеринин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын жана жаңы 2021-2022-окуу жылына даярдыгы жөнүндө мүдүрлөрүнүн отчетторун угуп талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш жалпы билим берүү орто мектебинин С.Койлубаеванын Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” жана жаңы 2021-2022-окуу жылына даярдыгы жөнүндөгү отчетту кабыл алынсын.
2. Буденовка жалпы билим берүү орто мектебинин М.Б.Кайдулатованын Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” жана жаңы 2021-2022-окуу жылына даярдыгы жөнүндөгү отчетту кабыл алынсын.
3.”Нур-Наристе” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин А.Н.Абдылдаеванын Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” жана жаңы 2021-2022-окуу жылына даярдыгы жөнүндөгү отчетту кабыл алынсын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э. Койчукеев |