Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-августу № 20/11-28
“Кочкорбаев айыл аймагында жайгашкан көрүстөндөргө туруктуу каттоосу жок жарандардын сөөгүн коюууга тыйуу салуу жөнүндө”
Кочкорбаев айыл аймагынын башчысы Э.Керимкуловдун айыл ичиндеги көрүстөндөгө туруктуу катоосу жок адамдардын сөөгүн коюууга уруксат бергенди токтотуу жөнүндө, буга чейинки 26-чакырылышынын 27.10.2015-жылдагы №41 Токтомунун кучун жоготту деп табып берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл аймагындагы көрүстөндөргө сырттан келген адамдардын сөөгүн коюуга тыйуу салынсын.
2. Кочкорбаев айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 27.10.2015-жылдагы № 41 ТОКТОМУ күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Койчукеев |