Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 25-январы № 166/ ХХIV-27
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловдун Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү планынын 2020-жылда аткарылышы боюнча отчету жана Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата социалдык-экономиканы өнүктүрүү боюнча планын бекитүү жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловдун Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү планынын 2020-жылда аткарылышы боюча отчетун жана жана 2021-жылга карата социалдык-экономиканы өнүктүрүү боюнча планын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Керимкулов Эркинбек Казбековичтин Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 20-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү планынын аткарылышы боюнча берген отчету канааттандырарлык деп кабыл алынсын.
2. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата социалдык-экономиканы өнүктүрүү боюнча планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | А. Албекенов |