Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 25-январы № 167/ ХХIV-27
Кочкорбаев айылдык Кенешинин 2021-жылга карата перспективдик планынын жана Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн отурумунда карала турган иш планын бекитүү жөнүндө
Жооптуу катчы Л. Суюнтбекованын Кочкорбаев айылдык Кенешинин 2021-жылга карата перспективдик планынын жана Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн отурумунда карала турган 2021- жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айылдык Кенешинин 2021-жылга карата перспективдик планы бекитилсин;
2. Кочкорбаев айылдык Кенешинин 2021-жылга карата аткаруучу иштеринин перспективдик планынын көзөмөлдөө айылдык Кенештин төрагасы А. Албекеновго милдеттендирилсин.
3. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн отурумунда карала турган 2021-жылга карата иш планы бекитилсин.
4. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн отурумунда карала турган 2021-жылга карата иш планын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Албекенов |
| Тиркеме БЕКИТИЛСИН Кочкорбаев айылдык Кенешинин төрагасы Албекенов А.Б. ________________________ 25.01.2021 -жыл
|
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН 2021-ЖЫЛГА КАРАТА
ПЕРСПЕКТИВДИК ИШ ПЛАНЫ
№ | Аткарылуучу иш чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу кызматкерлер |
| |
Кочкорбаев айылдык кенешинин сессиясында каралуучу маселелер |
| ||||
1-квартал |
| ||||
1. | Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн социалдык –экономиканы өнүктүрүү планынын 2020-жылдагы аткарылышы жана 2021-жылга карата социалдык –экономиканы өнүктүрүү боюнча планын түзүп бекитүү | 1 квартал | Айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К. Керимкулов |
| |
2. | 2021-жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө жана 2021-жылга карата бюджеттин проектисин бекитүү, 2022-2023-жылга бюджеттин божомолу | 1 квартал | Каржы бөлүмүнүн башчысы Эгемкулова Д.О. |
| |
3. | Жайыт комитетинин 2020-жылда аткарган ишинин отчету 2021-жылга карата иш планын бекитүү | 1 квартал | Жайыт комитетинин төрагасы Б. Казабаев |
| |
4. | “Кенеш Суу”, “Ай Барат” суу пайдалануучулар ассоциациясынын СПАнын 2020-жылы аткарган иш аракеттеринин отчету жана 2021-жылга карата иш планы боюнча | 1 квартал | СПАнын мүдүрлөрү Т. Бейшебаев, Турдугулов М. |
| |
2 квартал |
| ||||
5. | Кочкорбаев айыл өкмөтүндө тартип бузууга каршы күрөшүү боюнча аткарган иштер жөнүндө (бузуулар комиссиясынын аткарган иш аракеттери) | 2-квартал | Участкалык инспектор, Аксакалдар сотунун төрагасы С. Будайчиев, А. Байсубанова |
| |
6. | Айыл башчыларынын аткарган иштери боюнча отчету | 2-квартал | Айыл башчылары Б. Коонбаев, А. Айткулов |
| |
7. | Маданият үйүнүн башчысынын аткарган ишинин отчету | 2-квартал | Маданият үйүнүн башчысы Жыргалбек кызы Динара |
| |
3-квартал |
|
| |||
8. | Калкты медициналык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө | 3-квартал | Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы |
| |
9. | Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 92 “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы боюнча | 3-квартал | Мектеп директорлору М. Кайдулатова, С. Койлубаева, А. Абдылдаева |
| |
4 квартал |
|
| |||
10. | Айыл аймагындагы жардамга муктаж тургундарга берилген материалдык жардам боюнча отчет | 4-квартал | А. Турсункулова |
| |
11. | Муниципалдык ишкананын аткарган иш аракеттери боюнча отчету | 4-квартал |
| ||
12. | Айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу боюнча башкы адисинин 2021-жылы инвестиция тартуу боюнча аткарган иш аракеттеринин отчету | 4-квартал | Башкы адис Ч. Бейшекеева |
| |
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН 2021-ЖЫЛГА КАРАТА
ОТУРУМДА КАРАЛУУЧУ МАСЕЛЕЛЕРИНИН ПЛАНЫ
№ | КАРАЛУУЧУ МАСЕЛЕНИН МАЗМУНУ | АТКАРУУ МӨӨНӨТҮ | АТКАРУУЧУ |
1. | Жыл башында аткарылуучу иштердин планын түзүү, Элдик жыйынга (Курултайга) даярдануу жана өткөрүү | январь | Жооптуу катчы Суюнтбекова Л.Э. ,айыл өкмөтүнүн аппараты |
2. | Советтик аскердин Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылышынын күнүн 32 жылдыгын белгилөө жөнүндө | январь | А. Турсункулова |
3. | 8-март Аялдардын Эл Аралык күнүн өткөрүү жөнүндө | февраль | А. Чуйтиев |
4. | Айыл башчыларынын аткарган иштери боюнча отчету жана 2021-жылга карата иш планы. | февраль | Б. Коонбаев А. Айткулов |
5. | Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы № 153 “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамын аткаруу жөнүндө
| март | Г. Тынаева |
6. | 2021-жылдын 1- кварталынын жыйынтыгы боюнча бюджеттин аткарылышы (Салык боюнча) | апрель | Г. Тынаева |
7. | Кыргыз Республикасынын Президентинин “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун Жениш күнүн майрамдоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндөгү” жарлыгын аткаруу жөнүндө | апрель | А. Турсункулова, А. Кубанова |
8. | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги “Кыргыз Республикасында Энелер күнүн белгилөө жөнүндөгү” № 63 жарлыгын аткаруу
| май | А. Турсункулова |
9. | Ысык-Ата районунда калктуу конуштардын аймактарында, айлана чөйрөнү тазалоо жана инфраструктураны көтөрүү, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча үч айлыктын жыйынтыгы жөнүндө | май | Айыл башчылары Б. Коонбаев А. Айткулов |
10. | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ №74 “Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу | июнь | Айыл башчылары Б. Коонбаев А. Айткулов |
11. | Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан жана башка жогорку турган органдардан түшкөн нормативдик укуктук актылардын, тапшырмалардын жана өздүк чечимдердин аткаруучулук абалы жөнүндө | июнь | Жооптуу катчы Л. Суюнтбекова |
12. | Жашоочулардан түшкөн арыздардын аткарылышын көзөмөлдөө жана өз учурунда чечүү боюнча жүргүзүлгөн иштер | июль | Жооптуу катчы Л. Суюнтбекова |
13. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.10.2017-жылдагы №690 “Кыргыз Республикасында 2020-жылы калкты турак –жай фондун каттоого даярдоо жана өткөрүү боюнча” токтомдун аткарылышы боюнча | июль | Башкы адистер С. Адиков жана М. Сариева |
14. | Кенеш, Буденовка орто мектептеринин 2021-2022-окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө | август | Мектеп директорлору М. Кайдулатова жана С. Койлубаева |
15. | 31-август Кыргыз Респуликасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун салтанатууу иш чарасы жөнүндө | август | А. Турсункулова
|
16 | Кочкорбаев айыл аймагынын экономика-тармактары менен калкын 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө | сентябрь | Башкы адистер С. Адикова жана М. Сариева |
17. | Карылар күнүн бир айлыгын өткөрүү боюнча | сентябрь | Башкы адис А. Турсункулова |
18. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы №600 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга “Спорттук Кыргызстан” программасы жөнүндө” токтомун аткаруу | октябрь | Спорт инструктор Р. Качкимбаев |
19. | Ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо бир айлыгын өткөрүү | ноябрь | Башкы адис А. Турсункулова |
20. | Кыргыз Республикасынын Президентинин “________________________________________________________________________” Жарлыгынын аткарылышы жөнүндө | декабрь | Башкы адис Ч. Бейшекеева |
21. | Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча пландын аткарылышы жөнүндө | декабрь | Жооптуу катчы Л. Суюнтбекова |
Жооптуу катчы | Л. Суюнтбекова |