Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 25-январы № 168/ ХХIV-27
“Кыргызавтомаш” коммерциалык эмес бакбанчылык кооперативинин тургундарын арызын кароо жөнүндө
“Кыргызавтомаш” коммерциалык эмес бакбанчылык кооперативинин тургундарынан 15.01.2021-жылы түшкөн №Кл-1 жана 20.01.2021-жылдагы №Кл-1/2 Майрамбек уулу Калыбектин коммерциалык эмес бакбанчылык кооперативине “айыл” макамын сураганын жана тургундарды каттоого тургузууга уруксат сурагандыгы жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Ысык-Ата районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 25.01.2021-жылдагы №01-19/29 берген маалыматына жана Кочкорбаев айыл өкмөтү дотацияда турган айыл өкмөтү экендигин эске алып, андан тышкары Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 10, 11, 12, 13-беренелерине ылайык,
Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызавтомаш” коммерциалык эмес бакбанчылык кооперативи жайгашкан жерди айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан, калктуу конуштардын жерлери категориясына которуудан баш тартылсын.
2. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башкы адиси С. Адиковго бул токтомду тааныштыруу жана арыз ээлерине жооп берүү милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловго, айылдык кенештин жер жана агрардык туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Албекенов |