Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 25-январы № 169/ ХХIV-27
Айыл өкмөттүн күзөтчүсүнүн, техникалык кызматкеринин, Буденновка көрүстөнүнүн күзөтчүсүнүн, муниципалдык объектилердин күзөтчүлөрүнүн, айыл өкмөттөгү тегеректи тазалоочу жумушчулардын, аксакалдар сотунун төрагасынын, ардагерлер кеңешинин төрагасынын, спорт жетекчисинин, айдоочунун жана айыл өкмөттүн архивариусунун айлык маянасы жөнүндө
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Д.О. Эгемкулованын «Айыл өкмөттүн күзөтчүсүнүн, техникалык кызматкеринин, Буденновка көрүстөнүнүн күзөтчүсүнүн, муниципалдык объектилердин күзөтчүлөрүнүн, айыл өкмөттөгү тегеректи тазалоочу жумушчулардын, аксакалдар сотунун төрагасынын, ардагерлер кеңешинин төрагасынын, спорт жетекчисинин, айдоочунун жана айыл өкмөттүн архивариусунун айлык маянасы жөнүндө» штаттык расписаниесин бекитүү керек экендиги тууралуу маалыматын угуп,
Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Төмөнкү кызматтар бюджеттик каражаттардын эсебинен каржылансын:
- айыл өкмөттүн күзөтчүсү айына 5000 сом;
- айыл өкмөттүн техникалык кызматкери айына -5000 сом;
- көрүстөндүн күзөтчүсү айына- 700 сом;
- айыл өкмөттүн тегерегин тазалоочу жана муниципалдык объекттин
күзөтчүлөрү - айына по 3125 сом;
- архивариус – айына 3294 сом;
- айыл өкмөттүн айдоочусу - айына 2200 сом;
- 2 спорт инструктору - айына 4000 сом;
- 1 спорт инструктор айына -6000 сом;
- аксакалдар сотунун, ардагерлер кеңешинин төрагалары - айына 3000 сомдон;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жана каржы бөлүмүнүн башчысы Д.О. Эгемкуловага милдеттендирилет.
Төрага | А.Албекенов |