Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-декабры № 160/XXIII-27
Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине сыйлык берүү үчүн кредиттик ассигнованиелерди жылдыруу жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Д. Эгемкулованын 2020-жылдын жыйынтыгы менен айыл өкмөтүнүн бюджети толугу менен аткарылгандыгын эске алып, аппарат кызматкерлерине бир айлык акысын үстөк кошумчалары менен сыйлык катары берүү үчүн кредиттик ассигнованиелерди жылдыруу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери жылдын жыйынтыгы менен баардык үстөк кошумчалары менен бир айлык акы менен сыйлансын.
2. 2020-жылдын жыйынтыгы менен аткарган иш чараларынын отчетун бербегендиги үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы Керимкулов Эркинбек Казбековичке сыйлык берүүдөн баш тартылсын.
3. Каржы бөлүмүнүн башчысы Д. О. Эгемкулова тарабынан айыл өкмөтүнүн бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |