Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-декабры № 163/ХХIII-27
Социалдык суроолор боюнча аткарылган иш аракеттердин отчету жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси А. Турсункулованын 2020-жылы социалдык суроолор боюнча аткарылган иш аракеттеринин отчетун угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси А. Турсункулованын айыл аймагында 2020-жылы социалдык суроолор боюнча аткарылган иш аракеттери боюнча отчету канааттандырарлык деп кабыл алынсын.
2. Айыл аймагындагы аз камсыз болгон үй булөлөр менен тыгыз байланышта иштеп, өз мөөнөтүндө материалдык жардам берилип турсун.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы социалдык суроолор боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин
Төрага | А. Албекенов |