Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-июну № 4/11-28
«Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты” муниципалдык ишканасын каржылоо жөнүндө
Каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А. Байсубанованын Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинен 2018-жылдын 31-декабрында каттоодон өткөн «Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүсүнө жана айыл аймагын көрктөндүрүү иш чараларын жүргүзүүсүнө жергиликтүү бюджеттин эсебинен финансылык колдоо көрсөтүү керек экендиги тууралуу сунушун угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймагын көрктөндүрүү ж.б. иштерин аткарууда “Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты” муниципалдык ишканасына керектүүлүгүнө жараша акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен финансылык колдоо катары которулуп берилсин.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө каржы жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Койчукеев |