Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-июну № 9/11-28
Кочкорбаев айыл аймагындагы “Нур наристе” балдарга мектепке чейинки билим берүү уюмунун тамак аштын баасын жогорулатуу жөнүндө
Бала бакчанын мүдүрү Абдылдаева Айида Насировнанын жылдан жылга тамак аш кымбаттап жаткандыгына байланыштуу, Кочкорбаев айыл аймагындагы “Нур наристе” балдарга мектепке чейинки билим берүү мекемесинде тамак аштын баасын жогорулатуу тууралуу сунушун угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл аймагындагы “Нур Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тамак аш баасы бир күндө бир бала үчүн 20 сом болуп бекитилсин.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Койчукеев |