Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-июну № 10/11-28
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) “Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу долбоору” аркылуу Кенеш айылында таза суу түтүктөрү, суу басым мунарасы толугу менен курулуп жаткандыгына байланыштуу жана АРИС менен Айыл өкмөтүнүн кызматташуу келишиминин негизинде суу эсептөөчү счетчик менен камсыз кылууда 30% акысын жергиликтүү бюджеттен төлөп берүү ошондой эле Кенеш айылындагы 25 аз камсыз болгон үй чарбаларга жергиликтүү бюджеттин эсебинен таза суу киргизип берүү үчүн акча каражатты бөлүп берүү максатында,
Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) “Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу долбоорунун” алкагында АРИС менен Айыл өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу келишиминине ылайык, таза сууну өлчөгүч счетчик менен камсыз кылууда 30% акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнсүн.
2. 25 (жыйырма беш) аз камсыз болгон үй чарбаларына сууну жеткирүү жана таратуу (суу тармактары, резервуарлар, суу өлчөгүчтөр), кошуп суу менен камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Койчукеев |