Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-июну № 12/11-28
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө карата айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине сыйлык берүү жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловдун аппарат кызматкерлерине мотивация жана стимул берүү максатында 23-июнь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө карата айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир айлык акыны баардык үстөк кошумчасы менен сыйлык катары берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 23-июнь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө карата айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине бир айлык акысы баардык үстөк кошумчасы менен сыйлык катары берилсин.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Койчукеев |