Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-майы №2/3
К. Мамбеталиев атындагы орто мектебинин мугалими Кѳкѳбаев Нуканды Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими наамына көрсөтүү жөнүндө
Нарын облусунун Кочкор районунун Талаа-Булак айыл аймагындагы Дѳң-Алыш айылындагы К. Мамбеталиев атындагы орто мектебинин биология мугалими Кѳкѳбаев Нуканды билим берүү тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгегин баалап К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин педогогикалык кеңешинин чогулушунун 7-май 2021-жылдагы №7 токтомун карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 37-берененин 12-пунктуна ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин биология мугалими Кѳкѳбаев Нуканды Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими наамына көрсөтүү жөнүндөгү К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин педогогикалык кеңешинин чогулушунун 7-май 2021-жылдагы №7-токтому бекитилсин.
2. К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин биология мугалими Кѳкѳбаев Нуканды «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими наамына» көрсөтүүгө сунуш кылынсын.
Төрага | Н. Шарабидинов |