Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-январы № 26/8
Тартылып келген гешкаларды менчикке чыгарып берүү жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын Дөң-Алыш айлына 2017-жылы талапка ылайык кичи футбол аянтчасы курулгандыктан ага чейин жасала турган кичи футбол аянтчасынын тегерек четин тосууга өз каражаты менен тартып келген гешкалардын чыгымын жабуу үчүн менчикке чыгарып берүү жөнүндө Бейшекеев Талантбектин арызын Эсекеев Рахат тааныштырган маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талаа-Булак айыл аймагынын Дөң-Алыш айлына 2017-жылы талапка ылайык кичи футбол аянтчасы курулгандыктан ага чейин жасала турган кичи футбол аянтчасынын тегерек четин тосууга өз каражаты менен тартып келген гешкалардын чыгымын жабуу үчүн 53 (элүү үч) дана гешканы Бейшекеев Талантбектин менчигине чыгарылып берилсин.
Төрага | Р. Эсекеев |