Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-июну № 3/1
“Туруктуу өнүгүүнүн сунуштары” коомдук фондунун Кара-Суу айыл аймагындагы Ак-Талаа айылында көчө ачуу боюнча долбооруна акча которуу жөнүндө
“Туруктуу өнүгүүнүн сунуштары” коомдук фондунун Кара-Суу айыл аймагындагы Ак-Талаа айылында көчө ачуу боюнча долбооруна өздүк салым катары акча которуу боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Садыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. “Туруктуу өнүгүүнүн сунуштары” коомдук фондунун Кара-Суу айыл аймагындагы Ак-Талаа айылында көчө ачуу боюнча долбооруна өздүк салым катары 50000 (элүү миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен которулуп берилсин.
2. Долбоор жактырылгандан кийин акча каражатын которуп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы башкы эсепчи Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык кенешинин бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Сапарбек уулу |