Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-июну № 3/2
2014-2020-жылдар аралыгында Кара-Суу айыл аймагындагы жерди кайра бөлүштүрүү фондунун аренда акысынын чогулушу жөнүндө
2014-2020-жылдар аралыгында Кара-Суу айыл аймагындагы жерди кайра бөлүштүрүү фондунун аренда акысынын чогулушу боюнча, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы К. Сапарбек уулунун маалыматын угуп, аренда акысынын чогулушун тактоо үчүн, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынан убактылуу комиссия түзүү боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түзүлгөн убактылуу комиссия төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:
1. Д.Жумакеримова- комиссиянын төрагасы.
2. М.Молдалиев – комиссиянын мүчөсү.
3. А.Сатаров- комиссиянын мүчөсү.
4. М.Медербеков- комиссиянын мүчөсү.
5. А.Рысалиева- комиссиянын мүчөсү.
6. Р.Молдокулов- комиссиянын мүчөсү.
7. Т.Сапун уулу- комиссиянын мүчөсү.
2. Жогорудагы аренда акы боюнча маселени карап чыгып, бир айлык мөөнөттө маалымат берүү жагы, түзүлгөн убактылуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Сапарбек уулу Кенжебек |