Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 26-июлу № 4/2
Кара-Суу айыл аймагында чакан ГЭС куруу боюнча, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 14-февраль 2018-жылдагы №13/3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагында чакан ГЭС куруу боюнча, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 14-февраль 2018-жылдагы №13/3 токтомун жокко чыгаруу боюнча, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Садыковдун билдирүүсүн угуп Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 14-февраль 2018-жылдагы №13/3 токтомундагы шарттар, “Экоэнерго сервис” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан аткарылбагандыгына байланыштуу бир тараптуу жокко чыгарылсын.
2. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 14-февраль 2018-жылдагы №13/3 токтому жокко чыккандыгы боюнча маалыматты тиешелүү жактарга билдирүү жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Садыковго милдеттендирилсин.
Төрага | Сапарбек уулу Кенжебек |