Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-июлу № 5
Кара-Суу айыл аймагындагы Сөөк суусуна чакан ГЭС куруу үчүн жер аянтын ижарага берүү жөнүндө
“Нурбек Трейд” ЖЧКасынын Кара-Суу айыл аймагындагы Сөөк суусуна чакан ГЭС куруу боюнча сунушун карап жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу айыл аймагындагы Сөөк суусуна чакан ГЭС куруу үчүн “Нурбек Трейд” ЖЧКсы тарабынан көп жылдык ижарага суралып жаткан Сөөк суусун жээктей, “Сарык” участкасынын күн чыгышынан 12 чакырым аралык, 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө ижарага бөлүнүп берилсин.
2. Ижарага берүү боюнча Кара-Суу айыл өкмөтү менен “Нурбек Трейд” ЖЧКсынын ортосунда түзүлүүчү келишим, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши менен макулдашып түзүлсүн.
3. Келишим түзүлгөн күндөн тартып 5 жыл ичинде, чакан ГЭС куруу иштери жүргүзүлбосо, бул токтом жокко чыгарылсын жана жер аянты кайтарылып алынсын.
4. Чакан ГЭС курууга керектүү иш кагаздарды бүтүрүү жагы “Нурбек Трейд” ЖЧКсына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Садыковго милдеттендирилсин.
Төрага | Сапарбек уулу Кенжебек |