Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 06-октябры № 57/1
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.М.Табылдиевдин кызматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “өз алдынча башкаруужөнүндө” мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык жана Кара-Суу айылдык Кенешинин 2020-жылдын 6-октябрындагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.М.Табылдиевге ишенбестик билдирүү жөнүндөгү кезексиз сессиянын протоколун жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “өз алдынча башкаруужөнүндө” мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык жана Республикада болуп жаткан саясий кырдаалга байланыштуу элдин талабын эске алып, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.М.Табылдиев айыл өкмөт башчылык кызматына ишенбестик билдирилсин.
2. Кара-Суу айыл өкмөт башчысы С.М.Табылдиевди кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Абыкеевге сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын
Төрага | К. Жумабеков |