Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-декабры № 62/2
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Орток айылына кичи футболдук аянтчаны үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен куруу жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Орток айылына кичи футболдук аянтча куруу боюнча үлүштүк (дем берүүчү) грант менен 2 996 920 (эки миллион тогузжүз токсон алты миң тогузжүз жыйырма) сомго куруу жөнүндөгү демилгелүү топтун лидери Аруунов Эрландын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өздүк салым үчүн 15% 449 600 (төртжүз кырк тогуз миң алтыжүз) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен акчалай түрүндө Орток айылына кичи футболдук аянтча куруу долбооруна 2021-жылдын бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.
2. Долбоор жактырылгандан кийин акча каражатын которуп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы башкы эсепчиге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык кеңешинин бюджет,экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын .
Төрага | М. Жусупов |