Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-январы № 63/2
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата бош калган каражатын пайдалануу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата бюджеттик счеттон бош калган 2607,126 миң сом акча каражатын, атайын счеттон бош калган 37,336 миң сом акча каражатын чыгымдоо беренелерге бөлүштүрүү боюнча, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрөагасы К. Сапарбек уулунун, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчисинин милдетин аткаруучу Б.Сыдыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаттары төмөндөгү чыгыштоо статьяларга бөлүнсүн.
А).Бюджеттик счеттогу каражат: (миң сом)
Беренелер, чыгаша түрлөрү | Аппарат | Китеп-кана | Мектеп | Бала-бакча | Жайыт | Жыйынтыгы |
2224 Көмүр | 20,0 | 5,0 | 382,5 | 92,5 | 0,0 | 500,0 |
3111 Курулмаларды куруу | 450,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 450,0 |
22154900 ар кандай чыгым | 571,2 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 1,418 | 572,618 |
22221100 Жабдууларды жана материалдарды сатып алуу | 0,0 | 0,0 | 70.0 | 0,0 | 0,0 | 70,0 |
2232 Электр энергия | 0,0 | 0,0 | 1014,508 | 0,0 | 0,0 | 1014,508 |
Баары | 1041,2 | 5,0 | 1467,008 | 92,5 | 1,418 | 2607,126 |
Б).Атайын счеттогу каражат: (миң сом)
Беренелер, чыгаша түрлөрү | Аппарат | Жыйынтыгы |
222154900 ар кандай чыгым | 37,336 | 37,336 |
Баары | 37,336 | 37,336 |
Төрага | М. Жусупов |