Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-январы № 63/3
Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүунүн тартиби жөнүндө” 2013-жылдын 9-июлундагы №127 мыйзамынын негизинде Кочкор райондук мамлекттик статистика бөлүмүнүн “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” типтүү келишимди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесинин 2-3- бөлүктөрүнө ылайык Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кочкор райондук бөлүмү менен Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен, түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесинин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кочкор райондук бөлүмү тарабынан берилген ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча каржылоого керектелүүчү финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуп берүү жагы суралсын.
3. Айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысына Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кочкор райондук бөлүмүнөн которулган акча каражатынын жергиликтүү бюджетке которулуусуна көзөмөл кылуу жагы тапшырылсын.
Төрага | М. Жусупов |