Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-январы № 63/4
Кара-Суу айыл өкмөтүндө айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобого ылайык , Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Садыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобого ылайык төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн
-К.Жумакунов- айылдык кеңештин депутаты комиссиянын төрагасы
- У.Ибраев – айыл өкмөтүнүн юристи комиссиянын катчысы
- К.Сапарбек уулу- айылдык кеңештин депутаты комиссиянын мүчөсү
-А.Жумабеков - айылдык кеңештин депутаты комиссиянын мүчөсү
- Э.Токтоналиев - айылдык кеңештин депутаты комиссиянын мүчөсү
- Ш.Абдыгулов- айылдык кеңештин депутаты комиссиянын мүчөсү
- Б.Садыков – айыл өкмөт башчысы комиссиянын мүчөсү
- Ф.Алдеков- Кызыл-Дөбө айылынын айыл башчысы комиссиянын мүчөсү
- Р.Салбаров- Орток айылынын айыл башчысы комиссиянын мүчөсү
- Ж.Бейшеналиев – Кара-Мойнок айылынын айыл башчысы комиссиянын мүчөсү
- Б.Камчыбеков- Мантыш айылынын айыл башчысы комиссиянын мүчөсү
- Ж.Тобокелов – Ак-Талаа айылынын айыл башчысы комиссиянын мүчөсү
- Ж.Калпаев - райондук айыл чарба департаментинин өкүлү комиссиянын мүчөсү
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобого ылайык иш алып баруу жагы түзүлгөң комиссиянын төрагасы К.Жумакуновго тапшырылсын.
3.Айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүүдө комиссияны керектүү маалыматтар менен камсыз кылып туруу жагы жер адис М.Садыковго милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Садыковго тапшырылсын .
Төрага | М. Жусупов |