Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл  аймагынын  айылдык Кеңешинин  VI  чакырылышынын  кезексиз ХХХХХXV сессиясы

 

2021-жылдын 10-марты № 65/1

2021 -жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарына техникалык кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акыларын бекитүү жөнүндө

Кара-Суу айыл аймагынынын дыйкан-фермерлерине 2021-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарына техникалык кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акылары боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Садыковдун сунушун угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагынынын дыйкан-фермерлерине 2021-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарына техникалык кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

1.Айдоо (соко) 1 га. 1100 (бир миң бир жүз) сом; 25 литр күйүүчү май.

2.Малалоо бир сыйрасы 1га. 400(төрт жүз) сом; 10 литр күйүүчү май.

3.Планировка 1га. 400(төрт жүз) сом; 10 литр күйүүчү май.

4.Себүү (сеялка) эки сыйрасы 1 га. 600 (алты жүз) сом 15 литр күйүүчү май.

5.Арык тартуу узундугуна карабай 50(элүү) сом  5 литр күйүүчү  май.

6.Эгин чабык (комбайн) 1 га. 1100 (бир миң бир жүз) сом; 25 литр күйүүчү май.

7.Чөп чабык 1га. 800 (сегиз  жүз) сом 10 литр күйүүчү май.

8.Чөп таңгактоо бир даана таңгак 7(жети) сом 1га. жер аянтына 10 литр күйүүчү май.

9.Эгин, чөп, саман тартып жеткирүү 1 рейсине 300(үч жүз) сом 10 литр күйүүчү май.

2. Бул токтомду жетекчиликке алып  аткартуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Садыковго милдеттендирилсин.

 

Төрага

М. Жусупов