Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-марты № 65/2
Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын 2021-жылга карата жайлоого жайлатуу үчүн алып чыккан малчы бадачылардын эмгек акыларын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын 2021-жылга карата жайлоого жайлатуу үчүн алып чыккан малчы бадачылардын эмгек акылары боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Садыковдун сунушун угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын жайлоого алып чыгып багып келүүдө, мал баккан бадачылардын эмгек акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
-Кой, козу башына 40(кырк) сомдон.
-Эчки, улак башына 50 (элүү) сомдон.
-Уй, торпок башына 350 (үч жүз элүү) сомдон (саандарына мал ээси менен бадачынын макулдашуусу).
-Жылкы, тай башына 350 (үч жүз элүү) сомдон (саандарына жана мингичтерине мал ээси менен бадачынын макулдашуусу).
2. Кара-Суу айыл аймагынынын тургундарынын төрт түлүк малын багуучу бадачыларга 2021-жылдын 20-апрель күнүнөн калбай алыскы жайыттарга көчүү жагы эскертилсин.
3. Айдоо аянт жерлеринин корук иштери 2021-жылдын 10-апрель күнүнөн башталсын. Малды корук айдоо аянттарына жайган атуулдарга 1(бир) баш кой-эчкиге(козу улак) дебей -20(жыйырма) сомдон, 1(бир) баш бодо малга (тай-торпок) дебей 500 (беш) жүз сом айып пул белгиленсин.
4. “Жарташ” ички жайытынын корук иштери 2021-жылдын 25-май күнүнөн башталсын. малды корук аянттарына жайган атуулдарга 1(бир) баш кой-эчкиге(козу улак) дебей -20(жыйырма) сомдон, 1(бир) баш бодо малга (тай-торпок) дебей 500 (беш) жүз сом айып пул белгиленсин
5. Жайлоодон төрт түлүк малды 2021-жылдын 5-октябрынан эрте көчүрүп түшүргөн бадачыларга 1(бир) баш кой-эчкиге(козу улак) дебей -50(элүү) сомдон, 1(бир) баш бодо малга (тай-торпок) дебей 500 (беш) жүз сомдон айып пул салынаары эскертилсин.
6. Бул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Садыковго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Жусупов |