Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жумгал айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2019-жылдын 15-июлу №6-2
Бир статьядан бир статьяга которуу жѳнүндѳ
Жумгал айылдык кенешинин 06.03.2019-ж № 2-1 токтомунун 3-пунктундагы бала бакчага бѳлүнгѳн акча каражатынан ич ара жылдыруу боюнча айыл ѳкмѳт башчысы М,Исаковдун Жумгал айылдык Кенешинин депутаттарына кайрылган билдирүүсүн угуп, талкуулап айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат.
1. Жумгал айылдык Кенешинин 06.03.2019-ж № 2-1 токтомунун 3-пунктундагы бала
бакчага бѳлүнгѳн 2222 статьясындагы 20 (жыйырма мин) сомдун ичинен 10(он мин)сому ушул эле бала бакчалардын тех ремонту үчүн 2221 статьясына жылдырылсын .
2.Бул токтомдогу кѳрсѳтүлгѳн акча каражаттарын тиешелүү статьяларга жылдыртуу, Жумгал райондук финансы бѳлүмүнѳн суроо жагы Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ нүн башчысы У.Нуркуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳл кылуу жагын Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн башчысы М.Исаковго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т.Айтбаев |