Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6–чакырылышынын кезектеги 34–сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 34-17
Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин V чакырылышынын 2014-жылдын 5-мартындагы кезектеги 12 - сессиясынын № 12-9 токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешиин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Муратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 13, 32-беренелерине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин V чакырылышынын 2014-жылдын 5-мартындагы кезектеги 12- сессиясынын № 12-9 токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмтүнө караштуу айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун (АЧЖФ) жерлеринин атуулдарга жеке менчик турак жай салуу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жери категориясына” көп жылдык кайрак айдоо аянтарынан №136 контурунан 15,70 га №159 контурунан 19,10 га, №448 контурунан 15,50 га, №5242 контурунан 3,88 га, № 5245 контурунан 4,36 га, №6623 контурунан 14,10 га, №6649 контурунан 13,40 га, №6625 контурунан 5,0 га, №6648 контурунан 4,90 га, №6627 контурунан 4,90 га, №6647 контурунан 3,50 га, № 6637 контурунан 2,0 га жалпы 106,34 га кайрак айдоо жер аянтарын “Калктуу конуштар жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба мамлекеттик фондусундагы 106,34 га кайрак айдоо аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштар жерлери” категориясына которуп (трансформациялоо) берүү үчүн иш кагаздарын толуктап, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Топчубаев |