Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6–чакырылышынын кезектеги 32–сессиясы
2020-жылдын 10-сентябры № 32-1
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 6-июлундагы № 10 чечимине негиз короновирус илдетине каршы күрөшүү учурунда кызыл аймакта иштеген ҮБДТнун врачы Тургунали кызы Перизатка колдоо көрсөтүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы ҮБДТнун врачы Тургунали кызы Перизатка, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 6-июлундагы № 10 чечимине негиз короновирус илдетине каршы күрөшүү учурунда кызыл аймакта элге тынымсыз жакындан жардам бергенин эске алып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айылаймагындагы ҮБДТнун врачы Тургунали кызы Перизат короновирус илдетине каршы күрөшүү учурунда кызыл аймакта элге тынымсыз жакындан жардам бергендиги үчүн кызматкерге колдоо иретинде айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетинаткаруучу А.Зулпуевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Топчубаев |