Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6–чакырылышынын кезектеги 32–сессиясы
2020-жылдын 10-сентябры № 32-3
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 24-1 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Рустамовдун билдирүүсүндө жайыт пайдалануучулардан түшкөн акча каражатынын, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшүп жаткан үчтөн бир бөлүгүн кайрадан жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инфракструктурасын өнүктүрүү үчүн айтылган сөздөрүн угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт пайдалануучулардан түшкөн акча каражатынын, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшүп жаткан үчтөн бир бөлүгүн кайрадан жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инфракструктурасын өнүктүрүүгө кайтарып берүүгө макулдук берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине жайыт пайдалануучулардан түшкөн акча каражатынын үчтөн бир бөлүгүн кайрадан жайыт пайдалануучулар бирикмесинин инфракструктурасын өнүктүрүүгө кайтарып, жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Зулпуевге тапшырылсын.
3. Бөлүнүп берилген акча каражатын максатуу иштетүү жагын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Рустамовго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Топчубаев |