Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6–чакырылышынын кезектеги 32–сессиясы
2020-жылдын 10-сентябры № 32-4
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы «Т.Кулатов» атындагы спорт комплекси Мекемесин түзүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы «Т.Кулатов» атындагы спорт комплекс Мекемесин түзүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы «Т.Кулатов» атындагы спорт комплекси Мекеме болуп ачылуусуна макулдук берилсин.
2. «Т.Кулатов» атындагы спорт комплекси Мекемесинин Уставын түзүп, Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. «Т.Кулатов» атындагы спорт комплекси Мекемесинин Уставын Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкарамалыганан өткөрүү жагы спорт комплексинин убактылуу жетекчиси Н.Жолдошбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин, иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Топчубаев |