Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы
2021-жылдын 28-июлу № 1
Көк-Таш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата иш планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Көк-Таш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата түзүлгөн иш планын талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын иш планы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын сунуштарынын негизинде, алымча, кошумча толуктоолор менен бекитилсин;
2. Көк-Таш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата өзгөртүлгөн иш планын, өз мөөнөтүндө сапаттуу аткарууну камсыз кылуу жагы, Көк-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин;
3. Аталган токтом тиркемелери менен Ала-Бука райондук маамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомдун тиркемелери менен бирге расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык кеңешинин “Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Х.Байназаровага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Нышанов |