Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы
2021-жылдын 28-июлу № 4
“Көк-Таш айыл аймагына караштуу Кулпек-Сай айылынын тургуну Д.Нармырзаевдин арызынын негизинде анын менчигиндеги жер участкасын сатып алуу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик» мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктуна ылайык, объекттерди менчикке жарандардан жана юридикалык жактардан жарандык-укуктук бүтүмдүн негизинде сатып алуу боюнча Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп, карап чыгып, талкуулап Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик» мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктуна ылайык, объекттерди менчикке жарандардан жана юридикалык жактардан жарандык-укуктук бүтүмдүн негизинде кайрылган жарандын менчигиндеги жер участкасын сатып алуу боюнча атайын комиссиянын курамын түзүү тапшырылсын;
2. Көк-Таш айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн атайын комиссияга мыйзамдын негизинде аталган жер тилкесин сатып алуу боюнча чараларды көрүү жана жыйынтыгын 1 айдын ичинде билдирүү жагы милдеттендирилсин;
3. Аталган токтом тиркемелери менен Ала-Бука райондук маамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду тиркемелери менен бирге расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Х.Байназаровага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Нышанов |