Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2021-жылдын 18-октябры № 1
“Көк-Таш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга каралган статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алардын талкуусун эске алып Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айыл өкмөтүнө техника сатып алуу жана башка жумуштарды жүргүзүү максатында 3111-курулмаларды куруу статьясынан 36 900 000 (отуз алты миллион тогуз жүз миң) сом акча каражатынан 3112- машиналарды сатып алуу статьясына 30 000 000(отуз миллион )сом, 2211-сапар чыгымы үчүн 250 000(эки жүз элүү миң) сом, 2214-транспорт чыгымы үчүн 1 700 000 (бир миллион жети жүз миң) сом, 2215-ар түрдүү чыгымдар үчүн 2 250 000(эки миллион эки жүз элүү миң)сом, 2231-электр энергиясынын төлөмү үчүн 350 000(үч жүз элүү миң) сом, 2221-учурда кайра оңдоо үчүн 2 350 000(эки миллион үч жүз элүү миң)сом жылдырууга уруксат берилсин;
2. Аталган токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб-сайтына жарыялансын;
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин “Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Х.Байназаровага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Нышанов |