Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2021-жылдын 18-октябры № 2
“Көк-Таш айыл аймагынын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу максатында жана турмуш-тиричилик таштандыларын ташуучу авто унаа алууга каражат кароо жөнүндө”
“Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясында каралып,алардын талкуусун эске алып Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айыл өкмөтүнө Жалал-Абад областык өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттен таштанды ташуучу машина сатып алууга баштапкы баасы 8 340 000 (сегиз миллион үч жүз кырк миң) сомго бекитилген техниканын баштапкы суммасынын 35% каржылоо үчүн 2 9 19 000 (эки миллион тогуз жүз он тогуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
2. Аталган токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб-сайтына жарыялансын;
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин “Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Х.Байназаровага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Нышанов |