Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2021-жылдын 18-октябры № 3
Муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө
Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Азимовдун билдирүүсүнүн негизинде Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айыл өкмөтүнө ички жолдорду куруу, ремонттоо жана тейлөө багытында атайын муниципалдык ишканасын ачуу боюнча Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамдын негизинде ачуу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Азимовго милдеттендирилсин;
2. Аталган токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб-сайтына жарыялансын;
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин “Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Х.Байназаровага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Нышанов |