Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2021-жылдын 18-октябры № 4
Кок-Таш аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кок-Таш аймактык шайлоо комиссиясынын курамы өзгөргөндүгүнө байланыштуу, айыл аймакка караштуу “Көк-Таш” жана “Булак-Башы” участкалык шайлоо комиссияларынын курамын өзгөртүү боюнча Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайлоо комиссиясынын курамдарына талапкерлерди көрсөтүү боюнча шайлоочулардын протоколдук сунушунун негизинде “Көк-Таш” шайлоо участкасына: Кочкунов Абдималик, “Булак-Башы” шайлоо участкасына Райимбердиева Уулбубу жана Садыкжан кызы Гулайым мүчө болуп киргизилсин;
2. Аталган токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин “Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Х.Байназаровага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Нышанов |