Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2021-жылдын 18-октябры № 5
“КАЗ Минералз Бозумчак компаниясына сунушталган студенттердин тизмесине кирген Эстебес уулу Кубатбектин контрак төлөмүн төлөп берүү жөнүндө”
Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясында каралып,алардын талкуусун эске алып Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “КАЗ Минералз Бозумчак компаниясы менен Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн меморандум негизинде Эстебес уулу Кубатбектин контрак төлөмүн төлөп берүү жагы “КАЗ Минералз Бозумчак компаниясына” сунушталсын;
2. Аталган токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб-сайтына жарыялансын;
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин “Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Х.Байназаровага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Нышанов |