Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-январы № 01-5/57
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын 2021-жыл аралыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча отчетун угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясы, Кочкор-Ата шаар мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын 2021-жыл аралыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү боюнча берген отчётун жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын 2021-жыл аралыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү боюнча берген отчету «канааттандырарлык» деп табылсын.
3. 2021-жылдын 15-февралындагы №01-5/280 жана №01-5/281– сандуу токтомдору аткарылган катары көзөмөлдөн алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.А.Абдуразаков |