Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-январы № 01-5/59
Жыл башында калган калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги ХI- сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын Кочкор-Ата шаарынын 2022-жылдын жыл башында калган калдыкты бөлүштүрүү боюнча берген корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексин» жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. 2022-жылдын 1-январына кассалык накталай жүргүзүүнүн суммасы 300 000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2022-жылдын жыл башында калган 67 455 366 (алтымыш жети миллион төрт жүз элүү беш миң үч жүз алтымыш алты) сом калдык акча каражаты 2022-жылга төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
-шаардык Кеңештин, шаардык мэриянын аппаратынын жана муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин (ММБД) кызматкерлерине ар бир жумушчу күнүнө 350 сомдон компенсация;
-шаардык Кеңештин, шаар мэриясынын аппаратынын жана ММБДнун кызматкерлерине компенсациясы, сыйлоо акысы, социалдык төлөм менен биргеликте 4 672 160 сом;
-юристтин эмгек маянасы 182 000 сом, социалдык фондго чегерүүсү 26 910 сом;
-коомдук алдын алуу борборун (КААБ) кварталдык сыйлоого социалдык төлөм менен биргеликте 913 580 сом;
-ОсОО “Алым-Ата” 50 койкалуу төрөт үйүн курууга 22 600 000 сом;
-Ош Нуржолстрой Транспорт көчөсүнө асфальт төшөөгө 8 171 086 сом;
- Ош Нуржолстрой асфальт төшөөгө 170 597 сом;
- Ош Нуржолстрой асфальт төшөөгө 349 665 сом;
- Ош Нуржолстрой сел каналга лоток алууга (доп.работа) 500 000 сом;
-Видеокамера кызматына 200 000 сом;
-ОсОО Алина-Ж балдар бакчасына түрдүү чыгымга 35 900 сом;
-ОсОО Тайыр Ленина 225 000 сом;
-ОсОО Уулкан-Строй түрдүү чыгым балдар бакчасына 14 500 сом;
-ОсОО АБЗ жолду реконструкциялоо 493 711 сом;
- ОсОО АБЗ жолду реконструкциялоо 2 500 000 сом;
-Ландыш балдар бакчасынын килемине 140 000 сом;
-ОсОО “Прогресс Консалтинг” 1С бухгалтерия 8 кызматына 91 000 сом;
-кызматтык автоунаа 750 000 сом;
-Кочкор-Ата шаарынын “Абий” ишканасына 2000 сом;
-Мугалимдердин жана чарба кызматкерлеринин коммуналдык чыгымдары үчүн социалдык төлөмдөрү менен бирге 1 500 000 сом.
-ОсОО Альянс Констракшин шаардык Кеңешке жана шаар мэриясынын аппаратына видеокамера, ноутбук жана проектор алууга 122 000 сом;
-ИП Абдиназаров Алманбет Ландыш балдар бакчасына жалюзи 23 884 сом;
-Жалалов Салыжан кресло алууга 13 000 сом;
-ОсОО Автомагистраль ЮГ Фуркат көчөсүнө асфальт төшөө үчүн 405 287 сом;
-ОсОО Лама-Лимитед 195 100 сом;
-ОсОО Архстрой Бека Нур 652 600 сом;
-ИП Балыбаев Рахимберди балдар бакчаларынын тамак-аш чыгымына 548 334 сом;
-ИП Саипов Азимбек ит атууга 53 800 сом;
-ОсОО Ошгипрострой проекти үчүн 158 000 сом;
-ОсОО Веганас технадзор кызматы үчүн 142 646 сом;
-ОсОО Беккомпания проектти даярдоого 130 000 сом;
-Ноокен архитектура баштапкы планды жасатуу иштерине 547 936 сом;
-Ноокен СЭС дезинфекция кызматы мектептер үчүн 30 765 сом;
-УРГ газ кызматы балдар бакчасы үчүн 9777 сом;
-УВС суу кызматы үчүн 34 688 сом;
-Луговая көчөсүн асфальттоо үчүн 2 221 329 сом;
-Труба алуу суу түтүктөрү үчүн Крупская Дзержинская көчөлөрүнө 4 000 000 сом;
-Опора сатып алуу жана көрсөтүүгө 900 000 сом;
-Жол белгилери (зебра, линиялар) 1 756 700 сом;
-Лоток Тазалык ишканасы үчүн сугат жерлерге 365 000 сом;
- №15 Беки уулу Семетей орто мектебине терезе алууга 682 000 сом;
-Ландыш бала бакчасына очок курууга 150 000 сом;
-Көркөм сүрөт мектебине электр чубалгыларын алмаштырууга 80 000 сом;
-Аппаратка оргтехникага, сканер, ксерокөчүрмө, стулдарга 1 000 000 сом;
-Ленин көчөсүнүн жарыктандыруусу жана көрктөндүрүүсүнө 7 700 000 сом;
-РЦМдин балдар ойноочу жайы 335 511 сом;
-Сигнализация куруу үчүн 326 000 сом;
-Светофорго 1 332 900 сом;
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.А.Абдуразаков |