Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-январы № 01-5/60
Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2021-жылда аткарган иштери боюнча отчетун угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги ХI- сессиясы, Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын башчысынын 2021-жыл аралыгында аткарган иштеринин отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2021-жыл аралыгында аткарган иштеринин отчету «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын директору Э.Маматовго:
-төлөмдөрдөн түшкөн акча каражаттын кирешесин көбөйтүүнүн планын иштеп чыгууну;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сапаттуу кызматтарды алуу, бюджеттик каражаттарды үнөмдөө;
-шаардын көчөлөрүнө бак-дарактардын жана гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузууну, сейил бактарын, жээк жолдорун, көчөлөрдү жашылдандыруу боюнча иштерди 2022-жыл аралыгында жүргүзүүнү;
-таштандыларды көчөлөрдү кыдырып ташып чыгаруу боюнча графигин түзүп шаар тургундарына жарыя кылууну;
-таштандыларды ташып чыгарууда абоненттер менен иштөөнүн сапатын жогорулатууну;
-коммерциялык багыттагы соода-сатык иштерин жүргүзгөн жеке секторлорго жана юридикалык жактарга таштандыларды ташып чыгаруу боюнча тарифин көтөрүү чараларын көрүү жана ар бир ишкер менен келишим түзүү милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдетендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Н.А.Абдуразаков |