КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 14-февралы № 59-т
Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен соода-сатык операцияларын жүргүзүүдө же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө QR-коду бар контролдук-кассалык чектерди талап кылуусу үчүн жарандарга дем берүү, мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикалык стабилдүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын уюштуруучусу болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
1) "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясын (мындан ары - кызыктыруучу лотерея) өткөрсүн;
2) кызыктыруучу лотереяны ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн, анын ичинде аны өткөрүүнүн шарттарын бекитсин жана Кыргыз Республикасында лотерея ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органдын уруксатын алсын;
3) кызыктыруучу лотереянын операторун аныктоо менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну белгиленген тартипте жүргүзсүн.
3. "Айыл Банк" ачык акционердик коому байге фондун түзүү жана жеңүүчү сертификаттарды накталоо үчүн өнөктөш-банк болуп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Мамлекеттик программалар, иш-чаралар жана төлөмдөр" 26-бөлүмүндө каралган каражаттардан кызыктыруучу лотереяны өткөрүү үчүн белгиленген тартипте 66000000 (алтымыш алты миллион) сом бөлүп берсин, анын ичинде:
- 49000000 (кырк тогуз миллион) сом кызыктыруучу лотереянын байге фондун түзүүгө;
- 17000000 (он жети миллион) сом кызыктыруучу лотереяны өткөрүүгө байланышкан чыгымдарга;
2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду кызыктыруучу лотереяны уюштурууда жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына көмөк көрсөтсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |