Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 3
Кетмен- Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин 2021жылда жүргүзгөн иш аракеттери,жайыт акынын топтолушу,атайын техниканын иштери жана жайыт жерлерди пайдалануу боюнча
Кетмен- Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин 2021жылда жүргүзгөн иш аракеттери,жайыт акыны чогултуу боюнча жүргүзгөн иш аракеттери жана көлөмү,атайын техниканы иштетүү жана андан чогулган акча каражатын пайлануу боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Кетмен- Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин 2021жылда жүргүзгөн иш аракеттери канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2021-жылга чогултула турган жайыт акысын толугу менен декабрь айы ичи топтоп бүткөрүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Г.Кудабаевге милдеттендирилсин.
3. Кетирилген кемчиликтерди эске алуу менен жайыт комитетине караштуу атайын техникалар оперативдик башкаруудан айыл өкмөтүнүн башкаруусуна өткөрүлүп берилсин.
4. Жайыт пайдалануучулар менен жайыт пайдалануу боюнча келишимди 2022-жылдын март,апрель айына чейин түзүү жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы А.Алишеровго тапшырылсын.
6. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | С.Дженалиев |