Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 4
“Кетмен- Дөбө Таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата сметасын,штаттык бирдигин,таштанды чыгаруу жана таза суу боюнча төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кетмен- Дөбө айыл аймагынын “Кетмен- Дөбө Таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата сметасын,штаттык бирдигин,таштанды чыгаруу жана таза суу боюнча төлөмдөрүн бекитүү жөнүндөгү айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Кетмен- Дөбө айыл аймагынын “Кетмен- Дөбө Таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2021-жылда аткарган иштери канааттандарарлык деп табылсын.
2. “Кетмен- Дөбө Таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата калькуляциясынын негизинде сметасы 1 400 040 сомго, структурасынын негизинде штаттык бирдиги 16 адамдан бекитилсин.
3. 2022-жылга ичүүчү суунун төлөмү үйүнөн суу чыгаргандар үчүн бир жылга 1000 (миң) сом,көчөдөн суу алгандарга 360 сом(үч жүз алтымыш) сом ,таштанды чыгарууга ар бир кожолукка бир айга 77(жетимиш жети)сомдон деп бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы А.Алишеровго тапшырылсын.
5. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | С.Дженалиев |