Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 5
Кетмен- Дөбө айыл аймагынын 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын жана Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин Регламентине ылайык Кетмен- Дөбө айыл аймагынын 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндөгү туруктуу комиссиялардын протоколдук чечимдерин угуп Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2. 2022-жылга карата социалдык экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө өз учурунда так маалыматтар ар бир туруктуу комиссияга жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу туруктуу комиссиялардын төрагаларына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | С.Дженалиев |